
Адилеттүү жүк жеткирүү үчүн тиркеме
Жол кирени сунуштаңыз жана айдоочуңузду тандаңыз
Жүк жеткирүү үчүн канча төлөшүңүздү алгоритм эмес, сиз чечесиз
Күтүү убактысы жок — бул тез жана ыңгайлуу
Сунуштарыңызды түздөн-түз айдоочулардан аласыз. Ылайыктуу унааны тандаңыз, бүттү!
Ар кандай жүктөрдү жылдырыңыз
Тумбочкадан пилге чейин каалаган нерсени ташыңыз. Башкы нерсе — туура унаа тандоо

Кантип баштоо керек

- 1
inDrive жүктөп алыңыз
Телефон номериңизди киргизип, код менен ырастаңыз
- 2
Жүк жеткирүүнү ачуу
Капталдагы менюдан Жүктү тандаңыз жана суроо-талап формасын толтуруңуз
- 3
Жол киреңизди сунуш кылыңыз
Зарыл болсо, баага көчүрүүчүлөрдүн эмгегин кошуңуз. Айдоочулар кымбатыраак бааны сунушташы же сиздин сунушуңузду кабыл алышы мүмкүн
- 4
Айдоочуну тандаңыз
Ылайыктуу сунушту кабыл алыңыз. Буйрутманын чоо-жайын талкуулоо үчүн, айдоочуга чалыңыз
Көп берилүүчү суроолор
Жүк жеткирүү кызматтары үчүн жүк ташуучу унаага кантип буйрутма берсем болот?
Негизги экрандан же капталдагы менюдан Жүк кызматын тандаңыз. Буйрутманы түзүү үчүн сиз жөн гана маршрутту көрсөтүңүз (алып кетүү жана түшүрүү пункттары), дата менен убакытты тандап, жүктү мүмкүн болушунча кеңири сүрөттөп, жүктүн сүрөтүн кошуп, баасын келтиришиңиз керек. Буйрутма түзүлгөндөн кийин, сиз айдоочулардан сунуштарды ала баштайсыз. Айдоочунун профилин кылдат текшерип, ылайыктуу тандооңузду тандаңыз.
Мен карта менен төлөй аламбы?
Сапарыңызды накталай же онлайн которуу жолу менен төлөй аласыз. Банк картасы менен төлөө бул кызматтын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү эмес. Бул кошумча банктык төлөмдөрдөн качууга жардам берет жана жүк жеткирүү баасын арзандатат.